09:54 Каракол шаарында PISAга даярдык көрүү алкагында семинар болуп өттү | |
М.Курманалиев жетектеген Ысык-Көл облустук билим берүү институту PISA-2025 үчүн мугалимдерди даярдоо багытында ишин активдүү улантууда. Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу боюнча мындан аркы иштердин жүрүшүндө «PISA-2025 тестине даярдануу аркылуу Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу» 72 сааттык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курсу даярдалган. Курстун жетекчиси «Мектепти башкаруу жана педагогика» лабораториясынын башчысы, PISAга даярдоо боюнча Ысык-Көл облусу боюнча координатору Т.Мамырова. Биринчи курс 2023-жылдын 23-январынан 4-февралына чейин Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун бардык райондорунан келген математика, эне тили жана табият таануу мугалимдеринин катышуусунда өткөрүлдү. Курстун программасына ылайык сессияларды облустук билим берүү институтунун адистери, ошондой эле жайкы мектептен билим алган облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн усулдук кабинеттеринин башчылары өткөрүштү. Курстун негизги максаты – Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө катышууга даярдоого гана эмес, жалпы республика боюнча билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу жана баалоо боюнча методологияларды жана негизги ыкмаларды өздөштүрүү. Курстун катышуучулары эл аралык изилдөөнүн функционалдык сабаттуулугунун алты багытын: окуу, математикалык, табият таануу сабаттуулугун, глобалдык компетенцияларды, финансылык сабаттуулукту жана креативдүү ой жүгүртүүнү баалоонун өзгөчөлүктөрүн талдашты.
«Педагогикалык тестирлөөнүн теориясы жана практикасы. Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун баалоо” сессиясын өткөрүү үчүн Мыкыева М.Р. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Дүйнөлүк банктын баалоо боюнча координатору жана Турсунбай кызы Ы. - «Келечек үчүн билим» долбоорунун 4 жана 8-класстары үчүн стандартташтырылган тесттерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча консультанты чакыртылды. Курстун катышуучулары PISA-сымал тапшырмаларды иштеп чыгуунун жана баалоонун өзгөчөлүктөрү, ошондой эле 5 жана 6-класстын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугунун абалын аныктоого арналган мониторингдин жыйынтыктары менен тааныша алышты. Сессиянын практикалык бөлүгүнө семинардын катышуучулары компьютердик тесттин үстүндө иштешип, алардын жыйынтыгын талдоо боюнча сунуштарды алышты. | |
|
Всего комментариев: 0 | |