19:23 PISA жөнүндө кыскача маалымат / Коротко о PISA | |
1. PISA деген эмне? PISA (Programme for International Student Assessment) — окуучулардын билимдеги жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. Программанын алкагында билим берүү мекемелериндеги 15-жаштагы окуучулардын билими жана көндүмдөрү бааланат. Что такое PISA? PISA – это международная программа по оценке учебных достижений (Programme for International Student Assessment), в рамках которой оцениваются знания и навыки учащихся образовательных организаций в возрасте 15 лет. 2. PISA изилдөөсүн ким өткөрөт? PISA изилдөөсүнүн дүйнө жүзү боюнча уюштуруучусу болуп Экономикалы кызматташтык жана өнүктүрүү уюму – ЭКӨУ саналат (https://www.oecd.org/pisa/). Кто проводит исследование PISA? Организатором исследования PISA по всему миру является международная Организация Экономического Сотрудничества и Развития – ОЭСР (https://www.oecd.org/pisa/). 3. PISA изилдөөсүнүн алкагында эмнелер бааланат? PISA 15 жаштагы окуучулардын функционалдык сабаттуулугун баалайт. PISA изилдөөсү окуучулардын алган билимин кайра чагылдыра алышын гана эмес, жаңы жагдайларда алар өз компетенцияларын колдоно алаарын же колдоно албастыгын баалайт. Баалоонун негизги багыттары болуп окуу, математика жана табигый илимдер боюнча сабаттуулук саналат. ЧТО оценивает PISA? В рамках PISA оценивается функциональная грамотность 15-летних учащихся. PISA оценивает не только умения учащихся воспроизводить полученные знания, а измеряет могут ли учащиеся применять свои компетенции в новых ситуациях. Основными направлениями оценивания являются читательская, математическая и естественнонаучная грамотность. 4. PISA башка баалоо системаларынан эмнеси менен айырмаланат? 1. Камтуу. Тестке дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү катышат. 2. Келечекке багыттоо. Тестке катышкан өспүрүмдөр кийин өздөрүн тааныштырышат, мектептен кийин окууну улантууга болгон мотивациялары, кошумча билимдерди жана көндүмдөрдү алуу ыкмалары жөнүндө баяндашат. 3. Саясатка багыт алуу. Окуучулардын социалдык абалы менен мектеп билимдерин жана көндүмдөрүн өздөштүрүүсүнө таасир эте турган нерселер жөнүндө маалыматтар жана окутуунун натыйжаларынын ортосундагы байланышты көрсөтөт. 4. Системалуулук жана пландуулук - катышуучу мамлекеттер билим берүү тармагындагы жетишкендиктин ийгилигинин динамикасын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Чем программа PISA отличается от других имеющихся систем оценки? 1. Охватываемость. В тестировании участвует множество стран мира. 2. Настрой на будущее. Подростки, участвовавшие в проверке, впоследствии представляются, сообщают о своей мотивации к продолжению учиться дальше после школы, о методиках получения дополнительных знаний и умений. 3. Ориентация на политику, что предполагает связь между результатами учебы с данными о происхождении учеников, их социальным статусом и вещи, которые могут повлиять на усвоение школьных знаний и умений. 4. Систематичность и планомерность – государства-участники имеют возможность следить за динамикой успешности достижения в сфере образования. 5. Окуу сабаттуулугу деген эмне? Окуу сабаттуулугу – алдыга коюлган максаттарга жетүү, билим деңгээлин жогорулатуу, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, коомдук жашоо-турмушка аралашуу үчүн окуу менен алектенүү, жазуу жүзүндөгү тексттерди түшүнүү жана аларды пайдалануу жөндөмү. Что такое функциональная грамотность? Функциональная грамотность — это способность человека использовать приобретаемые в течение жизни знания для решения широкого диапазона жизненных задач в различных сферах человеческой деятельности, общения и социальных отношений. Другими словами, навыки и умения, необходимые каждому для жизни в современном обществе и стремительно меняющемся мире. 6. PISA кимдерди баалайт? PISA 15 жаштагы окуучулардын окуу программасын жана классын эсепке албастан алардын өз билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн баалайт. Демек, изилдөөгө 8, 9-класстарда же башталгыч кесиптик билим берүү лицейлеринде билим алган 15 жаштагы мектеп окуучулары, б.а. тестирлөө мезгилинин башталышында 15 жаш 3 айдан (толук) баштап 16 жаш 2 айга (толук) чейинки окуучулар катыша алышат. КОГО оценивает PISA? PISA оценивает умения применять знания на практике у 15-летних школьников без связи с программой обучения и классом, в котором обучаются учащиеся (школа, лицей, колледж) в возрасте между 15 годами и 3 (полными) месяцами и 16 годами и 2 (полными) месяцами в начале тестового периода. 7. Изилдөөгө канча окуучу катышат? PISA тандалып алынган тизмеге окуган мекеменин түрүнө жана күндүзгү же сырттан окууганына карабастан бул критерийлерге жооп берген бардык окуучуларды камтыйт, Компьютердик тестирлөө үчүн кеминде 150 мектеп жана катышкан мектептерден 6,300 окуучуларын баалаганга тандалат. Ар бир мектепте минималдуу алгылыктуу үлгү өлчөмү бир мектепте 25 окуучуну түзөт Сколько учащихся примет участие в исследовании? Списки, из которых отбираются школы и учащиеся для оценки PISA, охватывают всех учащихся, отвечающих этим критериям, независимо от типа учебного заведения, в котором они зачислены, и от того, обучаются ли они на очной или заочной форме обучения. Размер выборки школьников для компьютерного режима тестирования составляет минимум 6300 оцениваемых учеников не менее 150 школ-участниц. Минимально приемлемый размер выборки в каждой школе составляет по 25 учеников на школу. 8. PISA 2025 изилдөөсүнө канча мамлекет катышат? PISA биринчи жолу 2000-жылы өткөрүлгөн жана ага 32 мамлекет катышкан. Орто эсеп менен ар бир раундга дүйнөнүн 50дөн 70ке чейин өлкөсү катышат, мисалы, PISA-2022ге 88 өлкө катышты. PISA-2025ке канча өлкө катышары азырынча белгисиз. Сколько стран будет участвовать в исследовании PISA 2025? Впервые в мире PISA была проведена в 2000 году, тогда приняло участие 32 страны. В среднем в каждом раунде участвуют от 50 до 70 стран по всему миру, например, в PISA-2022 приняло участие - 88 стран. Ожидается участие около 100 стран в PISA-2025 9. PISA изилдөөсүнүн мезгилдүүлүгү кандай? PISA дүйнө жүзү боюнча 3 жылда бир өткөрүлөт, ар бир цикл жогоруда аталып өткөн үч негизги изилдөөнөн багытынын бирине арналат. Бул тестирлөө убактысынын үчтөн эки бөлүгү тандалган багытка бөлүнөт дегенди билдирет, демек, бул багытта тапшырмалардын саны дагы көбүрөөк болот. Калган эки багыт үчүн окуучулардын сабаттулугунун жалпыланган мүнөздөмөсү берилет. 2022-жылы “математикалык сабаттуулукка” басым жасалса, 2025-жылы “табигый илимдер боюнча сабаттуулук” негизги багыт болот. Какова периодичность проведения исследования PISA? PISA проводится по всему миру каждые 3 года, в каждом цикле основное внимание уделяется одному из трех указанных выше направлений исследования. То есть две трети времени тестирования будет выделено на выбранное направление. В 2022 году фокус был на «математической грамотности», а в 2025 году основным направлением будет выступать «естественно-научная грамотность». 10. Окуу сабаттуулугу деген эмне? Окуу сабаттуулугу – адамдын жазма тексттерди түшүнүү жана колдонуу, алар жөнүндө ой жүгүртүү жана өз максатына жетүү, билимин жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, коомдук турмушка катышуу үчүн окууга тартуу жөндөмдүүлүгү. Что такое читательская грамотность? Читательская грамотность — способность человека понимать и использовать письменные тексты, размышлять о них и заниматься чтением, чтобы достигать своих целей, расширить свои знания и возможности, участвовать в социальной жизни. 11. Математикалык сабаттуулук деген эмне? Математикалык сабаттуулук - бул инсандын математиканы ар кандай контексттерде туюндуруу (формулировкалоо), колдонуу жана чечмелөө жөндөмү. Ал математикалык ой жүгүртүүнү, кубулуштарды сүрөттөө, түшүндүрүү жана божомолдоо үчүн математикалык түшүнүктөрдү, процедураларды, фактыларды жана куралдарды колдонууну камтыйт. Бул адамдарга математиканын дүйнөдөгү ролун түшүнүүгө, өзүнүн тастыкталган ой-жүгүртүүсүн айтууга жана конструктивдүү, активдүү, ойчул жарандар катары чечим кабыл алууга жардам берет. Что такое математическая грамотность? Математическая грамотность – это способность человека определять и понимать роль математики в мире, в котором он живет, выражать хорошо обоснованные математические суждения, использовать математику так, чтобы удовлетворять в настоящем и в будущем потребности, присущие творческому, заинтересованному и мыслящему гражданину. 12. Табигый илимдер боюнча сабаттуулук деген эмне? Табигый илимдер боюнча сабаттуулук – табигый илимдерге байланыштуу маселелерде активдүү жарандык позицияны ээлөө жөндөмү жана табигый илимдер идеяларына кызыгууга даярдыгы. Табигый илимдер боюнча сабаттуу адам табигый илимдер жана технологияларга тиешелүү маселелерди далилдер менен талкуулоого умтулат; мында төмөнкү компетенттүүлүктөр талап кылынат: кубулушту илимий жол аркылуу түшүнүдүрүү, баалоо жана илимий изилдөөлөрдү пландаштыруу, маалыматтарды жана далилдерди илимий түрдө интерпретациялоо. Что такое естественно-научная грамотность? Естественно-научная грамотность – это способность человека осваивать и использовать естественнонаучные знания для постановки вопросов, освоения новых знаний, для объяснения естественнонаучных явлений, основанных на научных доказательствах. 13. 2025-жылы кандай кошумча инновациялык областтары бааланат? 2025-жылы эки жаңы компоненттин бааланышы пландаштырылууда:
Кыргызстан «чет тили» опциясын тандаган жок, ошондуктан бул эки инновациялык областтын ичинен Кыргыз Республикасында бир гана «санариптик дүйнөдө билим алуу» деңгээли бааланат. Какие дополнительные инновационные области будут оцениваться в 2025 году? В 2025 году планируется оценивать два новых компонента: • Иностранный язык (по желанию страны) • Обучение в цифровом мире. Кыргызстан не выбирает опцию “иностранный язык”, поэтому из двух инновационных областей в Кыргызской Республике будет оцениваться только уровень “обучения в цифровом мире”. 14. “Санариптик дүйнөдө билим алуу“ инновациялык облусту эмнени түшүндүрөт? Бул багыттын алкагында окуучулардын мектепте жана башка жерлерде колдонулуп жаткан санариптик куралдарды (браузерлер, онлайн курстар, виртуалдык лабораториялар) колдонуу менен өз алдынча билим алууга даярдыгы бааланат. Бул багытта өзүн-өзү уюштурууга басым жасалат, башкача айтканда окуучулардын убакытты эффективдүү пайдалануусу, керек болгон учурда жардам суроосу жана автоматтык түрдө пикир алгандан кийин ишти оңдоп жасоосу бааланат. Что означает инновационная область “Обучение в цифровом мире”? В рамках данной области будет оцениваться готовность учащихся обучаться самостоятельно при помощи цифровых инструментов, используемых в данный момент в школе и за ее пределами 3 (браузеры, онлайн курсы, виртуальные лаборатории). Упор будет на самоорганизацию, т.е. измеряется способность учащихся использовать время эффективно, обращаться за помощью, когда это требуется, переделывать работу после получения автоматического отзыва. 15. Сабаттуулуктун кандай деңгээлдери аныкталган? Баардыгы табигый илимдер жана математикалык сабаттуулук шкаласында 6 деңгээл, ал эми окуу сабаттуулугу боюнча шкалада мүмкүн болгон 7 деңгээл бар. 5, 6 жана 7 деңгээлдеги окуучулар келечекте интеллектуалдык эмгектин жогору квалификацияланган адиси болуу жолунда деп эсептелинет. Какие уровни грамотности определены? Всего определены 6 уровней на шкале естественнонаучной и математической грамотности и 7 возможных уровней на шкале грамотности чтения. Считается, что учащиеся 5, 6 и 7 уровней, находятся на пути к тому, чтобы в дальнейшем стать высококвалифицированными работниками интеллектуального труда. 16. PISAнын окуучулар үчүн минималдуу талаптары кандай? PISA изилдөөсүндө иреге деңгээл болуп 2-деңгээл деп эсептелет. Бул деңгээл сабаттуулуктун базалык деңгээли катары каралат жана бул деңгээлге жеткен окуучулар коомдун жашоосуна эффективдүү жана натыйжалуу катышууга мүмкүндүк берүүчү компетенцияларды көрсөтө башташат. Каковы минимальные требования PISA к учащимся? В исследовании PISA пороговым уровнем считается 2 уровень. Он рассматривается как базовый уровень грамотности, достигнув которого учащиеся начинают демонстрировать компетенции, позволяющие им эффективно и продуктивно участвовать в жизни общества. 17. Окуучулардын ортосундагы баллдардын айырмасы эмнени билдирет? Болжол менен 73 балл болгон айырма PISA сабаттуулук шкаласына ылайык бир деңгээлге туура келет (5 жана 6-деңгээлдерди эсепке албаганда). PISAнын аныктамасына ылайык окуу сабаттуулугу шкаласында 39 баллдык айырма бир окуу жылына туура келет деп айтууга болот. 90% өлкөлөрдүн орточо баллы 2 жана 3-деңгээлде. Что означает разница в баллах между учащимися? Разница около 73 баллов соответствует одному уровню на шкале грамотности PISA (за исключением уровней 5 и 6). По определению PISA, можно сказать, что разница в 39 баллов на шкале грамотности чтения соответствует одному учебного году. Среднее значение баллов 90% стран находится на уровнях 2 и 3. 18. 2009-жылы PISA изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы сабаттуулуктун деңгээли боюнча кандай жыйынтыктарга ээ болду? Кыргыз Республикасы PISA изилдөөсүнө эки жолу – 2006 жана 2009 жылы катышкан. 2009-жылы өткөрүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасындагы окуучулардын төмөнкү саны минималдуу стандартка (2-деңгээлге) жете алган жок:
Какие результаты по уровням грамотности были у Кыргызской Республики по итогам исследования PISA в 2009 году? Кыргызская Республика принимала участие в исследовании PISA дважды - в 2006 и 2009 гг. В 2009 году по итогам проведенного исследования следующее количество учащихся Кыргызской Республике не смогли достичь порогового уровня (2 уровень): • 83.2% учащихся на шкале грамотности чтения • 86.6% - на шкале математической грамотности • 82% - на шкале естественнонаучной грамотности. 19. Эмне үчүн Кыргызстан 2025-жылы PISA изилдөөсүнө катышуу чечимин кабыл алды? Өлкөнүн 2025-жылдагы PISA изилдөөсүнө катышуусу биздин мектеп билим берүү системасы кайсы өнүгүү баскычыда экендигин аныктайт. Мындан сырткары изилдөөдө акыркы 19 жыл ичинде билим берүүнү реформалоо аракеттери канчалык деңгээлде окуучуларга заманбап коомдо өзүн өзө реализациялоо үчүн зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү алууга мүмкүндүк бергендиги бааланат. Почему Кыргызстан решил принять участие в исследовании PISA в 2025 году? Участие страны в 2025 году позволит измерить на каком этапе развития находится наша система школьного образования, можно также оценить, насколько усилия по реформированию образования в течение прошедших 19 лет дали возможность учащимся получить знания и умения, необходимые человеку для самореализации в современном обществе. 20. PISA өткөрүү процедурасы кандай? PISA тестинде изилдөө убактысы 2 бөлүккө бөлүнөт: предметтер боюнча эки сааттык тестирлөө жана окуучуларды жарым сааттык анкеталоо. Анкеталоонун узактыгы ар бир өлкөдө ар кандай, бирок жалпысынан 30 мүнөткө жакын убакытты алат. Окуучуларга тест учурунда жана анкетанын алдында тыныгуу берилет. Какова процедура проведения PISA? В тесте PISA время проведения исследования делится на 2 части: двухчасовое тестирование по предметам и получасовое анкетирование обучающихся. Время проведения анкетирования отличается в разных странах, но в целом занимает около 30 мин. Обучающимся представляются перерывы, в течение тестирования и перед анкетированием. 21. PISA тести кантип өткөрүлөт – компьютердеби же кагаздабы? Сыноо бул максат үчүн атайын орнотулган программанын жардамы менен компьютерде жүргүзүлөт. Как будет проводиться тестирование PISA – на компьютере или на бумажных носителях? Тестирование будет проводиться на компьютере на специально установленной для этого программе. 22. Тесттен өтүү үчүн өзүнчө автономдук тиркеме керекпи? Изилдөөгө катыша турган мектептерде локалдуу (офлайн) иштей турган атайы тиркеме орнотулат жана окуучуларга сурамжылоону толтуруу үчүн интернетке кирүү талап кылынбайт. Требуется ли отдельное автономное приложение для прохождения тестирования? В школах, которые будут принимать участие в исследовании будет установлено отдельное автономное приложение, которое работает локально (оффлайн) на школьных компьютерах и учащимся не требуется иметь доступ в интернет, чтобы пройти анкетирование. 23. PISAда тапшырмалардын кандай форматы колдонулат? Тесттик тапшырмалар эки түргө бөлүнөт: • Стандарттык – көйгөйлөрдү жана суроолорду сүрөттөгөн кадимки тапшырмалар. • Интерактивдүү – компьютердик симуляция катары иштелип чыккан интерактивдүү материалдар менен тапшырмалар. Сиз муну компьютердик оюн менен салыштырсаңыз болот: тест субъектиси виртуалдык реалдуулукка кирип кеткендей сезилет, мында ал реалдуулукка абдан окшош кырдаалдарды чечиши керек. Мындай тесттер учурунда студентке ар кандай жоопторду жана андан аркы аракеттерди сунуш кылган суроолор берилет. Тесттик тапшырмалардын дээрлик жарымы эркин жоопту талап кылган суроолор. Какие форматы заданий используется в PISA? Тестовые задания бывают двух типов: • Стандартные – обыкновенные задания, в которых описывают проблемы и вопросы. • Интерактивные – задания с интерактивными материалами, оформленные в виде компьютерной симуляции. Можно сравнить это с компьютерной игрой: тестируемый будто бы оказывается в виртуальной реальности, где ему приходится решать ситуации, так похожие на реальные. Во время подобных тестов ученику задаются вопросы, предполагающие разного рода варианты ответа и дальнейшие действия. Почти половину тестовых заданий составляют вопросы, предполагающие свободные ответы. 24. Кыргыз Республикасы 2025-жылга карата PISA изилдөөсүнөнө даярдануу үчүн кандай талаптарды аткарышы керек? ЭКӨУ PISA 2025 изилдөөсүнө катышуучу бардык өлкөлөр үчүн милдеттүү болгон техникалык талаптарды коёт, алардын ичинде тестирлөө жүргүзүлө турган мектептерде атайын техникалык мүнөздөмөлөргө ээ болгон компьютерлердин болушу, ар кандай катмардагы окуучулардын саны боюнча толук маалыматтардын берилиши, тапшырмаларды которууну камсыз кылуу жана башка. Какие требования должна выполнить Кыргызская Республика, чтобы подготовиться к исследованию PISA к 2025 году? ОЭСР выставляет технические требования, которые обязательны для всех стран, участвующих в исследовании PISA 2025, которые включают, но не ограничиваются такими требованиями как наличие компьютеров со специальными техническими характеристиками в школах, где будет проводиться тестирование, предоставление полных данных о количестве учащихся в разных стратах, обеспечение перевода заданий, и другое. 25. Негизги изилдөө учурунда колдонула турган тесттерди алдын ала алса болобу? Жок. Негизги изилдөөдө колдонула турган тапшырмалар конфиденциалдуу жана алар окуучулар менен мугалимдерге тестирлөө күнү гана берилет. Можно ли получить тесты, которые будут применяться во время основного исследования заранее? Нет. Задания, которые будут использованы для основного исследования, строго конфиденциальны и будут предоставлены учащимся и учителям только в день самого тестирования учеников. 26. PISAга катыша турган окуучуларды гана алдын ала даярдаса болобу? Жок. ЭКӨУ изилдөөгө катыша турган окуучулардын тандамасын Кыргыз Республикасы тарабынан берилген мектептер боюнча расмий маалыматтардын негизинде өз алдынча жүргүзөт. ЭКӨУ өлкөгө тандап алуунун жыйынтыктарын негизги тестке 1 ай калганда гана кабарлайт. Можно ли заранее подготовить только тех учеников, которые будут участвовать в PISA? Нет. ОЭСР самостоятельно проводит выборку учеников, которые будут принимать участие в исследовании на основе официальных данных по школам, которые будут предоставлены Кыргызской Республикой. О результатах выборки ОЭСР уведомляет страну только за 1 месяц до проведения основного тестирования. 27. PISA изилдөөлөрү кайсы тилде жүргүзүлөт? Тестирлөө орус, кыргыз жана өзбек тилдеринде өткөрүлөт. На каком языке будет проводиться исследования PISA? Тестирование будет проводиться на русском, кыргызском и узбекском языках. 28. Эмне үчүн ар бир мугалим PISA тапшырмалары тууралуу билиши жана колдонуусу керек? Ар бир мугалим окуучулардын функционалдык сабаттуулугун тынымсыз өнүктүрүүгө умтулушу керек, бул мектептердеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен түздөн-түз байланыштуу. Мындан сырткары, 2025-жылы негизги изилдөөгө катышуу үчүн кайсы мугалимдердин окуучулары тандалып алынары белгисиз, андыктан өлкөнүн бардык мугалимдери жана окуучулары PISA тесттерин билиши жана тапшырууга даяр болушу маанилүү. Почему каждый учитель должен знать и использовать задания PISA? Каждый учитель должен стремиться к формированию функциональной грамотности у учеников на постоянной основе, что напрямую связано с улучшением качества обучения в школах. Помимо этого, неизвестно ученики каких учителей попадут в выборку для участия в основном исследовании в 2025 году, поэтому важно, чтобы все учителя и ученики по всей стране знали и были готовы решать тесты PISA. 29. Эмнеге ар бир окуучу PISAнын негизги изилдөөсүнө катышпаса дагы, анын эмне экенин билиши керек? Ар бир окуучу изилдөөнүн катышуучусу болушу мүмкүн экендигине даяр болушу керек, бул ага психологиялык жактан тестке даярданууга, толкундануу жана тестирлөөдөн коркуу сезимин азайтууга мүмкүндүк берет. Окуучулардын билимдик жана мазмундук даярдоодон тышкары психологиялык даярдыгы да маанилүү. Почему каждый ученик, даже, если он не будет участвовать в основном исследовании PISA, должен знать о том, что это такое? Каждый ученик должен быть готов к тому, что возможно именно он будет участников исследования, что позволит ему психологически подготовиться к тесту, снизить риски волнения и страха перед тестированием. Помимо знаниевой и содержательной подготовки важна в том числе и психологическая подготовка учеников. 30. Функционалдык сабаттуулук боюнча окууну кайдан өтсөм? Квалификацияны жогорулатуу курстарын иштеп чыгуу жана бүткүл өлкө боюнча мугалимдерди функционалдык сабаттуулукка үйрөтүү милдети Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна жүктөлөн. Ар кандай курстарды жогоруда аталаган институттан өтсө болот. Где можно пройти обучение по функциональной грамотности? За разработку курсов повышения квалификации и обучение учителей по всей стране функциональной грамотности отвечает Республиканский институт повышения квалификации и переподготовки педагогических работников. Обучение по разным курсам можно пройти у них. 31. Сабакта колдонуу үчүн PISA тапшырмалары сыяктуу тесттерди кайдан алсам болот? Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борбору PISA тапшырмалары сыяктуу тесттерди иштеп чыгып, аларды атайын IT платформасына жайгаштырууда. Тапшырмаларды https://www.ncokoit.kg/index.php?page=48 көрө аласыз. Где можно взять PISA - подобные тесты, чтобы использовать их на уроках? Национальный центр оценки качества образования и информационных технологий Министерство образования и науки Кыргызской Республики занимается разработкой PISA-подобных тестов и размещает их на специальной ИТ-платформе. Посмотреть задания можно https://www.ncokoit.kg/index.php?page=48 32. PISA 2025ке даярданууда методикалык жардамды кайдан алсам болот? Ар бир райондо, шаарда жана облуста PISA 2025ке даярдоо боюнча райондук, шаардык жана облустук координациялык кеңештери түзүлгөн. Кошумча методикалык жардам алуу үчүн сиз жашаган районго тиешелүү кеңешке кайрылсаңыз болот. Где можно получить методическую помощь по подготовке к PISA 2025? В каждом районе, городе и области созданы районные, городские и областные координационные советы по подготовке к PISA 2025. За дополнительной методической помощью можно обращаться к соответствующему своему району совету. 33. PISA жөнүндө эл аралык деңгээлдеги кошумча маалыматты кайдан алсам болот? PISA боюнча бардык материалдарды англис тилинде алардын расмий сайтынан тапса болот - https://www.oecd.org/pisa/ Где можно получить более подробную информацию о PISA на международном уровне? Все материалы о PISA можно найти на английском языке на официальном сайте - https://www.oecd.org/pisa/ | |
|
Всего комментариев: 0 | |